Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Кыргыз өкмөтү көмүрдү сыртка ташууга салынган тыюуну дагы алты айга узартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети Кыргызстандан көмүрдү сыртка чыгарууга салынган тыюуну дагы алты айга узартты. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, буга байланыштуу 3-декабрда атайын токтом кабыл алынды.

"Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндөгү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документке ылайык, өлкөнүн көмүрүн машина менен (“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрмө бекеттерин кошпогондо) жарым жылдык мөөнөткө экспорттолбойт. Токтомдун негизинде тиешелүү министрлик-мекемелерге тапшырмалар берилди. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет",-деп жазылган маалыматта.

Министрлер кабинети Кыргызстандан көмүрдү автотранспорт менен ташып чыгууга 2022-жылы убактылуу алты айлык чектөө киргизген.Тыюу улам-улам алты айлык мөөнөткө узартылып келе жатат.

Өткөн айда өкмөт өлкөдө көмүрдүн кору былтыркыга караганда жетиштүү деп билдирген. Анда жалпы 720 база иштеп жатканын, 144ү “Кыргызкөмүр” ишканасы уюштурган социалдык база экенин, отундун негизги бөлүгү Кара-Кече кенинен алынарын маалымдаган .

Өкмөттүн сайтындагы маалыматта 2025-2026-жылдын күз-кыш айлары үчүн 3 174,792 миң тонна көмүр камдалары жазылган. Анын 309,415 миң тоннасы бюджеттик мекемелерге, 1 465,377 миң тоннасы калктын керектөөсү үчүн жумшалат. Учурда бюджеттик мекемелер 203,54 миң, калк үчүн 994,69 миң тонна көмүр даярдалган.

Бишкек ЖЭБине жалпы 1 400,0 миң тонна көмүр керектелет, ишкананын кампасында учурда 280 миң тонна көмүр жана 4,2 миң тонна мазут бар.

Быйыл октябрь айында "Кыргызкөмүр" борбор калаада бир тонна көмүрдүн баасы 5 мин 800 сомду түзөрүн билдирген. Ноябрдын башында Ош облусунда көмүрдүн бир тоннасы 8 миң сомдон 11 миң сомго чейинки баада сатылып жатканы маалым болгон.

Кыргызстандын аймагында болжол менен 6,4 млрд тоннадан ашуун кору бар 70 көмүр кени жайгашкан. Анын ичинде Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шураб, Алмалык жана Кавак кендеринде 5,2 млрд тонна, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр жана Тегене кендеринде 1,08 млрд тонна, Туюк-Каргаша кенинде 119,6 млн тонна, Кара-Кечеде 400 млн тоннадай көмүр бар.

Өткөн жылдары кыш түшкөндө көмүр тартыш болуп, баасы кымбаттап кеткен учурлар катталган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG