Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

"Жөтөл кетпей жатат". Тумоонун айынан окуу онлайнга өтөбү?


Жугуштуу оорулар ооруканасынын коридору. Бишкек.
Жугуштуу оорулар ооруканасынын коридору. Бишкек.

мазмуну

  • Кыргызстанда тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны көбөйүүдө. Расмий маалыматка таянсак, ушу тапта өлкө боюнча отуз миңден ашуун адамдан курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо катталган.
  • Тумоо күчөгөндөн бери Бишкектеги жана Ош шаарындагы бала бакчалар карантинге жабылып, бир катар мектептер онлайн окууга өткөрүлдү.

Расмий маалыматка караганда, 30-ноябрга чейин Кыргызстандын аймагында 30 миңден ашуун кишиден курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоо аныкталган.

Жети күндүк карантин

Дарыгерлердин маалыматында, ооругандардын 70% 14 жашка чейинки балдар.

Бишкектин тургуну Нурзат Канатбекованын уулу быйыл биринчи класска барган. Келин жаңы эле ооруп айыккан баласы кайра тумоолоп калганын айтып берди:

“Ата-энелер ооруган балдарын сабакка жибербей турса болмок. Айрым балдар тумоолоп келет экен. Мына азыр бир класста 15 бала ооруп калыптыр. Менин балам да үйдө жатат. Сабактан калганда өтүлгөн темаларды түшүнбөй калат экен. Ушундай учурда мектептерди деле карантинге жаап же онлайнга өткөрө турса болмок”.

Социалдык тармактарда Нурзатка окшоп мектептерди карантинге жапсын же онлайнга өткөрсүн дегендер жок эмес.

Жугуштуу оорулар ооруканасында жаткан бала. Бишкек.
Жугуштуу оорулар ооруканасында жаткан бала. Бишкек.

Бишкек шаарынын мэриясы калаадагы билим берүү мекемелеринде мониторинг жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 50дөн ашуун бала бакча карантинге жабылган.

Агартуу министрлигинин басма сөз катчысы Нурия Кудайбергенова карантин жарыялоону же аралыктан онлайн окутууну Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сунушу менен мектеп директорлору өздөрү чечерин билдирди:

“Учурдагы абал Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жана Агартуу министрлигинин көзөмөлүндө. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти сасык тумоо жана курч респиратордук оорулардын санына жараша мектепти онлайнга өткөрүү же бала бакчаны карантинге алууга көрсөтмө берет. Андан кийин классты же мектепти онлайнга өткөрүүнү мектеп директорлору өзү чечет. Учурда билим берүү мекемелеринде тумоону алдын алуу иш-чаралары күчөтүлүүдө”.

Ал эми Бишкек шаардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Жазгүл Убайдилла кызы учурдагы абал тууралуу мындай маалымат берди:

“Күз-кыш мезгилине карата Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана грипп көбөйөт. Сасык тумоо аба аркылуу жугат, ага ысытма, токсикоздук белгилер мүнөздүү. Бүгүнкү Бишкек шаарында эпидемиологиянын 48-жумасында 7474 учур катталып, былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 2,4 эсеге жогору. Бишкек шаары боюнча бүгүнкү күндө 26 бала бакча жети күнгө үйгө таратылды. Биз азыр бардык жарандарга сунуштап жатабыз. Колду 20 секунддай самындап жууп, ага мүмкүн болбосо антисептикалык каражаттарды колдонуу керек. Чүчкүргөндө оозду атайын салфетка же колдун чыканагы менен жабуу, оозду, мурунду, көздү кир кол менен кармабоо, бөлмөлөрдү эки жолудан нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, 10-15 мүнөттөн кем эмес төрт жолу желдетүү сунушталат. Дене табы көтөрүлүп, мурун бүтүп, жөтөлгөн учурда дароо үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу абзел. Тумоо үч күнгө чейин жугуштуу болот, ошондуктан ооруп калган адам башкаларга жолобой, обочолонуу зарыл”.

Жугуштуу оорулар ооруканасынын коридору. Бишкек.
Жугуштуу оорулар ооруканасынын коридору. Бишкек.

Дарыгер-эпидемиолог мындан тышкары шаардагы эл көп топтолгон соода борборлоруна жана оюн-зоок жайларына санитардык талаптарды сактоо эскертилгенин белгиледи.

Оштогу кырдаал

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Ош шаары жана Ош облусунда сасык тумоого байланыштуу ондон ашуун мектеп аралыктан окууга өткөнүн билдирген. Баткенде айрым билим берүү мекемелеринин кээ бир класстары онлайн окууга өткөрүлгөн.

Оштогу Санитардык-көзөмөл департаментинин башкы дарыгеринин орун басары Мамарасул Өмүрзаков дагы беш мектепти онлайн окутуу сунушу берилгенин билдирди.

“Грипп боюнча күн сайын мониторинг жүрүп жатат. Биздин адистер Шаардык билим берүү бөлүмү менен байланышып маалымат чогултуп алып келип, сунуш берип жатабыз. Шаардык билим берүү бөлүмүнө ооругандардын жалпы саны 25% ашып кетсе, ошол класстарды индивидуалдык онлайнга өткөргүлө деп сунуш бергенбиз. Кечээ биз алган маалыматта 13 бала бакчада жана беш мектепте ооруган балдардын саны 25% ашкан экен, аларды 3-декабрдан 10-декабрга чейин онлайнга өткөрдүк. Карантин мөөнөтү жети күн”.

Ушул эле мекеменин Ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Музаффар Ахмедов Ош шаарында 20-сентябрга баштап 4-декабрга чейин КРВИ жана сасык тумоо менен 13 651 адам катталганын билдирди. Бейтаптардын ичинен төрт жашка чейинки балдардын саны 7382.

“Кыргызстанда Бишкекте, Токмокто анан Ошто вирусологиялык лаборатория бар. Ошол жерде КРВИ жана сасык тумоого чалдыккандардан сасык тумоонун штаммын аныктоо үчүн анализ алынган. Азыркы күнгө чейин 448 бейтап изилденди. Анын ичинен 93үнөн сасык тумоо катталды. Грипптин А, В, С деген түрлөрү бар да. Бизде А түрүнүн эки тиби, анан В түрү катталууда. Н1N1 деген түрүнөн тогуз учур, H3N2 деген түрүнөн 79 учур, В түрүнөн беш учур. Төрт адамдан короновирус (SARS) табылган. Жалпы Ош облусунда КРВИ жана сасык тумоого чалдыккан 16367 учур катталды. Балдар арасында 12669, чоңдор арасында 3698. Учурда облус боюнча курч жагдай түзүлө элек. Бирок шаардыкында көйгөй бар, койкалар жетишпей жатат”.

Сасык тумоодон кантип сактанабыз?

Бишкектин тургуну Назгүл бир айга жакын ооруган. Жөтөлү ушул күнгө чейин кете элек.

“Оор грипп экен. Аябай оор жөтөл менен коштолду. Тамагым кычышты. Температурам көтөрүлдү. Мурдуман суу куюлду. Бул жолу башым катуу ооруп, айланды. Алым кетти. Лимон, имбирь чай, суу деги койчу баарын ичтим. Анан кан басымым да көтөрүлдү. Догдурга да барган жокмун бирок. Дарыгерге барбай эле өзүм бир курс антибиотик ичтим. Болбоду. Эми гана өзүмө келе баштадым. Бирок жөтөл кетпей жатат”.

Буга чейин эпидемиологдор өлкөдө сасык тумоонун А түрү же "Гонконг тумоосу" (H3N2) аныкталганын билдиришкен.

Бишкек шаардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Жазгүл Убайдилла кызы бул кадимки эле сезондук грипп экенин, андыктан дүрбөлөң түшүүгө негиз жоктугун айтты:

“Лабораторияда тереңдетип изилдөөдөн аныкталганы 74 учур. Бирок биз муну өзгөчөлөнтүп карабашыбыз керек. Бул кадимки эле сезондук грипптердин бири. Өзгөчөлүгү жөтөл эки-үч жумага созулушу мүмкүн. Айрыкча өнөкөт оорусу бар адамдарда сөзсүз түрдө клиника узакка созулуп, айыгуу кечеңдейт. Андыктан өзүнөн бул белгини байкаган адамдар дароо үй-бүлөлүк медициналык борборлорго кайрылышы керек. Азыр бул мекемелер дүйшөмбүдөн ишембиге чейин таңкы саат 8ден кечки 8ге чейин, ал эми жекшемби күнү таңкы 8ден түшкү 2ге чейин иштеп жатат. Ошол жерде жашаса да, жашабаса да кайрылса болот. Бүгүнкү күндө балдарды Жугуштуу оорулар ооруканасы, 3-шаардык балдар ооруканасы, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору да кабыл алууда”.

Жугуштуу оорулар ооруканасында жаткан бала. Бишкек.
Жугуштуу оорулар ооруканасында жаткан бала. Бишкек.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын Балдардын инфекциялык оорулары кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Дамирахан Ахунбаева буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде грипптин кайсы түрү болбосун өтүшүп кетсе кесепети оор болорун айткан.

“Грипп бир кишиде болсо, эки-үч күн ичинде он кишиге жугушу мүмкүн. Бир үйдө жашагандын баары ооруйт. Дене табы заматта 39-40 градуска чейин көтөрүлүп кетет. Башы-көзү чыдатпай ооруйт. Эмне үчүн? Анткени вирус дем алуу органдары аркылуу денеге киргенде көбөйөт да, уу бөлүп чыгара баштайт. Токсиндер көбөйгөндө кан тамырлар жабыркайт. Кан тамырдын бети жукарып, плазма (кан суюктугу) денеге тарай баштайт. Тери кызарып, канталайт. Кан тамырлар кеңейгенде суюктук мээге сиңет. Мээ шишип, баш сөөккө батпай калат. Бул учурда өспүрүм же чоң киши болсо башы ооруйт, көзү канталап, кусат. Оорудан сактануунун эң жакшы жолу – эмдөө. Азыр гриппке каршы вакцина келген. Мунун жакшы жери адам оорубайт, ооруса да жеңил өтөт. Эл арасында эмдөө алсам да ооруп жатам дегендер бар. Ал курч респираторлук инфекция болушу мүмкүн”.

Кыргызстанда адатта аба ырайы өзгөрүп, күн сууктаганы сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар күчөйт. Дарыгерлер тумоологон учурда үйдү желдетип, сууну көп ичип, дарыларды, айрыкча антибиотиктерди өз алдынча ичүүдөн карманууну сунушташат.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG