Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоору: Жалал-Абадда беш миң жумушчу тартылды


Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун картасы.
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун картасы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 5-декабрда Жалал-Абад облусунда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда жолдун Тош-Кутчу аймагындагы тилкесиндеги туннелдин курулушун көрдү. Курулушта жалпы беш миңдей адам иштеп жатканы айтылды.

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун долбоору "Торугарт–Арпа– Кош-Дөбө–Макмал–Жалал-Абад" (304,94 км) каттамы боюнча өтөт. Торугарт–Макмал (160 км) тилкесинде 1435 мм темир жол изи, Макмалдан Жалал-Абадга чейин (145 км) – 1520 мм темир жол изи колдонулат. Макмал районунда жүктөө станциясын жана логистикалык борборду түзүү мүмкүнчүлүгү пландаштырылууда. Курулушка 5695 техника жана беш миңден ашык адам тартылган. 29 туннелдин ичинен 18инин курулушу башталды. Ал эми 50 көпүрөнүн 17си, 602 суу өткөргүч түтүктүн 28и салынып жатат",-деп жазылган маалыматта.

Кыргыз өкмөтү темир жолун курууга кытайлык канча жаран тартылганын тактаган жок.

Өткөн айда Нарын облусунда бул темир жолунун курулушунда беш компания иштеп жатканы, андагы 1839 жумушчу кытай, ал эми 86сы кыргыз жараны экени белгилүү болгон.

Расмий маалыматка ылайык, бул жолдун 208 чакырымы Нарындагы эки район аркылуу өтөт. Анын 130 чакырымы Ат-Башыга, ал эми 78 чакырымы Ак-Талаага туура келет.

Соңку кездери өлкөдө кытай жарандары көбөйгөнү тууралуу сөздөр чыккан. Кытай жарандары аралашкан ар кандай окуялар катталган.

Президент Садыр Жапаров кытай жарандары ири долбоорлорго байланыштуу убактылуу келгенин, ар бир мигрант көзөмөлдө экенин билдирген.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу былтыр жыл аягында расмий башталган.

Бишкекте “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

2024-жылы июнда Бээжинде долбоорду биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, каржылоо маселеси чечилген.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG